547-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 57-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 156
1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда өзүнө карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.
Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.
3. Соттун, сотко түздөн-түз караштуулугу боюнча ушул Кодекстин 454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган токтом экинчи инстанциядагы сотторго токтомдун көчүрмөсү берилген күндөн тартып он күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндө жаза чарасы салынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган соттун токтому апелляциялык тартипте экинчи инстанциядагы сотторго даттанылышы мүмкүн жана апелляциялык даттануу берилген учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен соттор тарабынан каралууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
547-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 156 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган токтом алынып салынды: областтык жана аларга теӊештирилген кошулду: экинчи инстанциядагы сотторго токтомдун көчүрмөсү берилген күндөн тартып он күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
кошулду: 4. Жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндө жаза чарасы салынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган соттун токтому апелляциялык тартипте экинчи инстанциядагы сотторго даттанылышы мүмкүн жана апелляциялык даттануу берилген учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен соттор тарабынан каралууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-547" title="547-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>