546-берене. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 56-глава
1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган укук бузуулар фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталганда атайын техникалык каражаттардан алынган маалыматтар (сертификатталган программалык камсыз кылуу аркылуу электрондук форматта реалдуу убакыт режиминде) укук бузган адамдын катышуусуз электрондук токтом түзүү (толтуруу) үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (маалымат базасына) жиберилет. Реалдуу убакыт режиминде укук бузуулар жөнүндө электрондук токтом толтурулгандан (түзүлгөндөн) кийин ал "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен бекитилет.
2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтарынын негизинде транспорт каражатынын менчик ээсине карата укук бузуулар жөнүндө токтом толтурулат (түзүлөт).
3. Ушул Кодекстин 21-главасында каралган маалыматтарга толуктоо иретинде укук бузуулар жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) укук бузууну аныктоо үчүн пайдаланылган атайын техникалык каражаттардын (укук бузуу жасалган фактыны далилдеген жана ээси (менчик ээси) жөнүндө маалыматтарды ырастаган фото жана видео материалдар) жардамы менен алынган маалыматтар;
2) укук бузуулар жөнүндө электрондук токтомго байланыштуу өтүнүч каттарды берүүнүн тартиби;
3) айып пулдун суммасы жана аны төлөөнүн тартиби.
4. Ушул Кодексте каралган укук бузуулардын фото сүрөттөрү жана видео жазуулары укук бузуулар жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат.
5. Атайын техникалык, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар каражаттардын жардамы менен табылган бир эле ошол укук бузуу үчүн укук бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар, иштеп жаткан атайын техникалык каражаттар орнотулган жерлерде электрондук токтом гана түзүлөт.
6. Өзүнө карата укук бузуу жөнүндө түзүлгөн токтом, адам ага макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алат. Өтүнүч кат жеке өзүнө жеткирилиши, почта же Интернет маалыматтык-коммуникациялык түйүнү аркылуу, укук бузгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып он күндүн ичинде жөнөтүлүшү мүмкүн.
Токтом менен макул болбогон адамдын өтүнүчү ушул Кодекстин 56-главасында белгиленген тартипте каралат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
546-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-546" title="546-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>