525-берене. Кармоону жүзөгө ашырууга укуктуу органдар
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 55-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54
Укук бузуу жасаган адамды кармоо мыйзамдарга ылайык буга ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, атап айтканда:
1) ички иштер органдары тарабынан – үй-бүлөлүк зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча адамга берилген коргоо ордеринин шарттары бузулганда; майда бейбаштык; тилемчилик; тилемчиликке тартуу; өзгөчө кырдаалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда; алкоголдук, баңги же башка мас абалында жол кыймылынын эрежелери; аңчылык эрежелери бузулганда; баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды сатуу максатын көздөбөстөн, аз өлчөмдө мыйзамсыз даярдоодо, сатып алууда, сактоодо, ташууда же жөнөтүүдө;
2) экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан – флора жана фауна объекттерине тийиштүү укук бузуулар жасалганда;
3) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан – чек ара режими же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режим бузулганда жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулганда;
5) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – транспортту эксплуатациялоо ченемдери бузулганда.
(КР 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
525-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции")"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берилген коргоо ордеринин шарттары бузулганда; майда бейбаштык; кошулду: тилемчилик; тилемчиликке тартуу; өзгөчө кырдаалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда; … укуктуу орган – транспортту эксплуатациялоо ченемдери бузулганда. кошулду: (КР 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-525" title="525-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>