Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
524-берене. Кармоо
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 55-глава
1. Кармоо – жеке жактын эркиндигин кыска мөөнөткө чектөө, эгерде бул жарандардын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, ишти туура кароо, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн зарыл болсо, өзгөчө учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
2. Укук бузуучунун кармалгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан протокол түзүлөт, анда датасы жана убактысы, укук бузуучу жөнүндө маалымат, кармоонун негиздери, буюмдарды убактылуу алып коюу жөнүндө, күбөлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Протоколго кармоону жүзөгө ашырган кызмат адамы, эгерде болсо күбөлөр кол коёт. Адамдарды кармоо жөнүндө маалымат Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
3. Кармалган адамдын кармалган жери жөнүндө туугандарына, анын иштеген (окуган) жери боюнча администрацияга, ошондой эле коргоочуга эң кыска мөөнөттө кабарланат.
4. Кармалган адам ыйгарым укуктуу органга иш жүзүндө жеткирилген учурдан тартып ага квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук берилет.
5. Он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки баланы кармоо жөнүндө аны кармаган учурдан тартып үч сааттан кечиктирбестен, анын ата-энесине же алардын ордун алмаштырган адамдарга, ошондой эле бардык зарыл болгон процессуалдык аракеттер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылгандан кийин бала өткөрүлүп бериле турган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө кабарланат.
6. Кармалган адамга Ушул Кодексте каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, бул тууралуу кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат.
7. Прокурор мыйзамсыз кармалган адамды бошотуу жөнүндө токтоосуз түрдө аткарылууга тийиш болгон токтом чыгарууга укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Президенти, экс-президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, Кыргыз Республикасынын Президенттигине катталган талапкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер, прокурор, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жана анын орун басарлары кармалышы жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларына тартылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-524" title="524-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>