22811-берене. Жеке дайындарды жана/же жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 261-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 октября 2026 года № 150
1. Жеке дайындарды же жеке мүнөздөгү маалыматты иштетүүнүн жана коргоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин, шарттарын жана талаптарын бузуу, ошондой эле аларды санкцияланбаган жайылтуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 25 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, балдардын жеке дайындарына, ошондой эле жеке дайындардын атайын категорияларына карата жасалган аракеттер, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 400 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Жеке дайындарды мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен трансчек аралык берүү, эгерде бул аракет кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жеке дайындарды иштеп чыгуу деп, жеке мүнөздөгү маалыматтар менен жасалган ар кандай аракет же аракеттердин жыйындысы, анын ичинде чогултуу, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, кароо, пайдалануу, берүү аркылуу ачуу, жайылтуу, алмашуу же жеткиликтүүлүктү берүүнүн башка түрү, салыштыруу же айкалыштыруу, кыскартуу, өчүрүү же жок кылуу түшүнүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22811-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-22811" title="22811-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>