Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2224-берене. Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103
1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
22.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу 1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2224" title="2224-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>