Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2223-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө объекттерин кайтаруу режимин камсыз кылуучу мыйзамдарды бузуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 24-глава
1. Ветеринардык көзөмөлдөгү жана контролдогу объекттерди долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусуз жер участокторун бөлүп берүү жана берүү, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо жана жер участокторуна тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдоо -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн, зооветеринардык ажырымдардын өлчөмдөрүн, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча башка биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды сактабоо -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Жаныбарлардын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүнгөн жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер), сибирь жарасынын очокторун күтүүнүн ветеринардык-санитардык талаптарын жана эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында мал жаюу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Ушул берененин 1-5-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.05.2025 · № 103
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2223" title="2223-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>