182-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27
1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -
юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
182-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып … болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып … мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын алынып салынды: башкаруу (идентификациялоого тоскоол болгон түзүлүштөрдү жана материалдарды жеринде жоюу учурларынан тышкары), –
кошулду: башкаруу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып … транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, алынып салынды: –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, кошулду: -
юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-182" title="182-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>