181-берене. автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана автомобиль жолдорунун сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка талаптарды сактабоо
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2024 года № 157
1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) -
жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу -
550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Эгерде транспорт каражаттарынын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо -
жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 24-январындагы N 26, 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
181-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын … сактабоо
1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль кошулду: жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол … транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль кошулду: жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген … айып пул салууга алып келет.
(КР 2024-жылдын 24-январындагы N алынып салынды: 26 Мыйзамынын кошулду: 26, 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-181" title="181-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>