13-берене
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Ушул Мыйзамдын 11-беренеси Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирген күндөн баштап алты айдын ичинде аткарылууга жатат.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) тергөө органдарына - коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө - бир айлык мөөнөттө, ал эми анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөө - эки айдын ичинде аякташы керек;
2) сотторго:
а) жасаган кылмыштары жөнүндө кылмыш иштери соттордун өндүрүшүндө турган жана карала элек адамдарга карата;
б) жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган, шарттуу соттолгон, Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча соттолгон адамдын жосуну Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык укук бузуу катары таанылган же Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыш деп таанылган учурда, өздөрүнүн арызы боюнча өкүмдүн аткарылышын кийинкиге калтыруу менен соттолгон адамдарга карата;
в) түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жана пробация органдарында каттоодо турган адамдарга карата. Жаза аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери, пробация органдары үч айдын ичинде өкүм чыгарган сотторго ушул пунктчада көрсөтүлгөн адамдарга карата сунуштарды, өкүмдүн көчүрмөсүн тиркөө менен жөнөтүшөт. Сунуш өкүм чыгарган сот тарабынан соттолгондун катышуусуз каралат.
3) прокуратура органдарына - соттун айыптоо өкүмү чыгарылган, бирок алар боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө кирбеген же мыйзамдуу күчүнө кирген, бирок аткарууга алынбаган адамдарга карата - бир айдын ичинде.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>