8-берене. Класстык чендер
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Класстык чен - административдик кызмат ордун ээлеген ар бир кызматчыга жекече ыйгарылуучу атайын наам.
2. Класстык чендер административдик кызмат орундарынын реестриндеги топторго жана категорияларга ылайык келет.
3. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
2) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
4. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
2) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
5. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Ыйгарылган класстык чен кызматтык күбөлүктө көрсөтүлөт.
10. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ыйгарылат.
11. Административдик кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө" Тартиби…Порядок · 30.12.2016 · № 308
- Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2024 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-октябрындагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык…Указ · 22.10.2026 · № 356 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-8" title="8-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>