39-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 9-глава
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон кызмат стажы мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы катары сакталат;
2) ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен байланышкан кайра уюштуруу же уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, кызматчы конкурстук тандоодон өтпөстөн ээлеген кызмат ордун кайрадан ээлейт.
3. Президентке жана Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2022-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды кароо;
2) 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечүү.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-ст.);
2) «Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 764-ст.);
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 190-ст.);
4) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 109 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 497-ст.).
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров | |
| 2021-жылдын 6-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (4)
- Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 162
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 12.04.2019 · № 48 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2019 · № 109 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-39" title="39-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>