3-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын принциптери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерде аракеттенет:
1) Конституциянын үстөмдүгү;
2) туруктуулук жана укук улантуучулук;
3) кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;
4) кызматка кирүүдө жынысына, расасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарына бирдей жеткиликтүүлүк;
5) кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү;
6) кызматтык милдеттерди аткарууда тартиптүү жана жеке жоопкерчиликтүү болуу;
7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусу, аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу жашоо деңгээлин кепилдөө;
8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир этүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоо.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513…Стратегия · 16.09.2022 · № 513
- Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 361 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 07.08.2018 · № 361 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>