28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өргүүсү
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 14
1. Кызматчыга мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет.
1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат.
2. Кызматчынын каалоосу боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес.
3. Өргүү бүткүл мезгилге же жарым-жартылай таризделгенине карабастан, акы төлөнүүчү өргүүнүн бүткүл суммасы өргүү таризделгенде төлөнөт.
4. Кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес.
Өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн эс алуудан баш тартылган учурда өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрүнө пропорциялуу өлчөмдө компенсациялык сумма төлөнөт.
5. Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
25.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет. кошулду: 1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат. 2. Кызматчынын каалоосу боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Мында … органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. кошулду: (КР 2023-жылдын 25-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 11-1 "2025-жылга Төрт-Гүл айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 11-1
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 14-4 "Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Регламент бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 14-4
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-28" title="28-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>