27-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Прокурор, тергөөчү же сот тарабынан кызмат ордунан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылган учурларда, иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин кызматчы ээлеген кызмат ордунан мыйзамдарга ылайык убактылуу четтетилет.
2. Кызматчы кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ээлеген кызмат ордунан (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) четтетилиши мүмкүн.
3. Кызматчы кызмат ордунан ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык убактылуу четтетилген учурларда кызматчынын эмгек акысы сакталат.
4. Кызматчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-27" title="27-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>