16-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
"Акылман" президенттик лицейинин, Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү. Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.
3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.
4. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.
Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
5. Сыноо мөөнөтүн өтүү мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.
6. Сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартибин, маектешүү өткөрүүнүн жана сыноо мөөнөтүн аяктаган кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө чечим кабыл алуунун жол-жобосун Президент аныктайт.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 29-июнундагы № 95, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июня 2026 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кошулду: бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же кошулду: болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны кошулду: ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык алынып салынды: келген учурда бош кызмат ордуна ротация кошулду: болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.
4. Кызматка биринчи жолу кирген … жол-жобосун Президент аныктайт.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № алынып салынды: 78 , кошулду: 78, 2026-жылдын 29-июнундагы № алынып салынды: 95 кошулду: 95, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-16" title="16-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>