1-берене. Жөнгө салуу предмети
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 27
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу жайылтылат.
4. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесиптик иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.
5. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата башка мыйзамдар ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө колдонулат.
7. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) аныктайт.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 27 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.
5. алынып салынды: Саясий кошулду: Ушул Мыйзамдын колдонулушу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана кошулду: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын кошулду: мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген алынып салынды: адамдардын ишти кошулду: адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө алынып салынды: салынат.
кошулду: салынбаган өлчөмдө жайылтылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата … Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) аныктайт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат…Указ · 22.03.2022 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 175 "Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат…Указ · 04.06.2025 · № 175
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 29.06.2026 · № 95
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 14.04.2026 · № 48
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 13.03.2017 · № 150 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>