Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 85 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 22-марты ПЖ № 85 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз…Положение · 22.03.2022 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 31.01.2026 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 27.02.2025 · № 70
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.