54-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
4) айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;
6) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;
7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
8) мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
81) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
9) айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
10) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
11) Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби жөнүндө…Положение · 12.11.2024 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 675 "Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият…Постановление · 12.11.2024 · № 675
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 1 "2025-жылы жергиликтүү бюджеттин жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 09.02.2026 · № 1
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-августундагы № 15 "2026-жылдын 1- жарымында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджеттин…Постановление · 27.08.2026 · № 15
- Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-ноябрындагы № 28-1/25 "Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2023 · № 28-1/25
- Ак-Татыр айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-июлундагы №35 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жарым жылдык отчёту жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 35
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 14 "Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына…Постановление · 12.07.2024 · № 14
- Ак-Башат айылдык кеңешнин 2025-жылдын 23-январындагы № 2 "2024-жылы жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 23.01.2025 · № 2
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-июлундагы №15 “2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджеттин…Постановление · 18.07.2025 · № 15
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-54" title="54-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>