Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери (ассоциациялар, бирликтер)
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүнү, өз ара жардамдашууну уюштуруу жана социалдык, экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү биргелешип чечүү мамлекеттик органдарда жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоо жана юридикалык, жеке жактар, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты уюштуруу максатында юридикалык жактардын бирикмелерин (коммерциялык эмес уюмдарын) ассоциациялар, бирликтер түрүндө түзүүгө укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери өз мүчөлөрүнүн - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого жана талкуулоого катышууга;
2) укуктук, маалыматтык, консультациялык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик концепцияларды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууга катышууга;
4) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө, мамлекеттик органдар менен бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу процессине катышууга;
5) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, башка коомдук бирикмелер менен кызматташтыктын мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын бирикмелери эл аралык союздарга жана жергиликтүү коомдоштуктардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыгууга укуксуз.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 08 "Жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу Союзуна мүчөлүк акыны бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2026 · № 08
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 87 "Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана…Постановление · 15.08.2025 · № 87
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-22" title="22-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>