15-берене. Чегилбеген тамеки заттарына жана никотин камтылган чегилбеген заттарга талаптар
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 3-глава
1. Насвайды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбеген тамеки заттарын жана никотин камтылган чегилбеген заттарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жүгүртүүгө (анын ичинде сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга, ташып чыгарууга) тыюу салынат.
2. Насвайдын курамына жана анын жүгүртүлүшүнүн эрежелерине милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети насвайдын колдонулушун алдын алуу жана азайтуу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) насвай өндүрүүдө колдонулган тамекини өстүрүү үчүн багытталган аянтты этап-этабы менен кыскартууну;
2) тамеки өстүрүүнүн ордуна пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү жана сатууну камтыган иштин экономикалык жактан пайдалуу альтернативаларына өтүүнү;
3) ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык калкка медициналык-консультациялык жардамды.
Көңүл буруңуздар! 15-берененин 1-бөлүгү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, 2-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 36 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>