Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети, максаты жана негизги милдеттери
Күчүндө · 22.11.2024 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына (мындан ары - ДСУ ТКАК) ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана тамеки заттарынан бөлүнүп чыккан заттарсыз абага жарандардын укугун бекемдейт, ошондой эле тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринен келип чыккан ооруларды азайтуу жана алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылат.
2. Ушул Мыйзамдын негизги максаты тамеки заттарынын бардык түрлөрүн керектөөнүн алдын алуу жана кыскартуу менен тамекини жана никотинди керектөөгө байланышкан оорулар менен ооруп калууну жана өлүмгө учуроону азайтуу болуп саналат.
3. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөө жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринин кесепеттеринен коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ДСУ ТКАК жоболорун ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында тамекини жана никотинди керектөөнүн таралышын туруктуу азайтуу үчүн шарттарды түзүү;
3) жарандардын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз таза абага жарандардын укуктарын жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу,
5) калк арасында тамеки жана никотин эпидемиясын алдын алуу жана кыскартуу боюнча секторлор аралык деңгээлде макулдашылган иш-чараларды жүргүзүү;
6) тамекиге каршы пропаганда жүргүзүү, тамеки жана никотин заттарын керектөөнүн зыяны жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасири жөнүндө калктын билим деңгээлин жана маалымдар болуусун жогорулатуу;
7) тамеки жана никотин камтылган заттарын керектөөдөн баш тартууга багытталган медициналык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу.
Берененин тексти 22.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112296/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>