1-берене
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, айыл чарба техникасынын жеткиликтүүлүгү чектелген, жеке турак үйлөрдүн курулушуна, которуу жөнүндө чечим кабыл алынганына, максаттуу багыттагы - айыл чарба жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт чыгарылганына байланыштуу аны максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган контурдагы жер участогу.";
2) 4-берененин 2-бөлүгүндө "айыл чарба жерлерин" деген сөздөр "чарба жерлеринин түрлөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт. Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар которулуп (трансформацияланып) жаткан жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";
4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда жер участокторунун ээлери жерди которуп берүү жөнүндө райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын туруктуу иштөөчү комиссиясына арыз беришет.";
5) 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
6) 20-берененин 1-бөлүгүндө "12-пунктунда" деген сөздөр "12 жана 13-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112281/st-1" title="1-берене - Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>