12-берене. Квалификациялык тандоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 183
1. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүлгөн учурда конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы эл аралык ресурстарда да жарыяланышы мүмкүн.
2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок конкурска катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
3. Квалификациялык тандоону жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир билдирме берүү жетиштүү.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга билдирмелер конкурстук комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112275/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>