11-берене. МЖӨ долбоорлору боюнча конкурсту өткөрүүнүн баскычтары
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 183
1. Жеке өнөктөштү тандоо конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкурсту өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Конкурсту өткөрүү эрежелери менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.
2. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо болжолдонгон инвестициялар 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик өнөктөш (мындан ары - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
3. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан ашык болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелеринде белгиленген жол-жоболорго ылайык квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго чейинки МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелерине ылайык конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону кошкондо бир этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашык болгон учурда, МЖӨ долбоору кызыкдар жак квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун өткөрүү жолу менен ыйгарылышы мүмкүн.
МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна)Положение · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 323 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 30.04.2026 · № 323
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майы № 329 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин жөнгө салуучу айрым…Постановление · 11.05.2026 · № 329
- КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2026-ж., № 323 токтомуПостановление · 30.04.2026 · № 323
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112275/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>