1-берене
Күчүндө · 28.02.2023 редакциясы
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын жоопкерчилиги
1. Коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө өбөлгө болуучу шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.";
2) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы
1. Коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.
Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112273/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>