Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө“, „Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 26-июну № 78 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын жоопкерчилиги
1. Коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө өбөлгө болуучу шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Мыйзамдын жоболору бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.";
2) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Коммерциялык эмес уюмдун ачыктыгы
1. Коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
2. Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.
3. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.
Маалыматтын формасы жана жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене
2-берене. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 75 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2021-жылдын 17-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3900-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2020 · № 3900-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3585-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 27-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2020 · № 3585-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 4657-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2021 · № 4657-VI
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 21.02.2020 · № 106
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-мартындагы № 3592-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 04.03.2020 · № 3592-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3917-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 18.06.2020 · № 3917-VI
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44