1-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 314-берененин 2-бөлүгү "анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгырып жалдоо же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3151-берене менен толукталсын:
"3151-берене. Экстремисттик ишти каржылоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну-даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга тиешелүү каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112267/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>