Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 29-апрели № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 120-2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"120-2-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу), - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
2) 135-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуулардын эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражатын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Эл аралык катнашта жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген маршрутунан четтөө, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Автомобиль транспорту менен эл аралык үзгүлтүксүз эмес жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашырышы, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабаганы, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген кабарламаны аткарбастан, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн маршруттан четтөө, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
3) 305-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото- жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык кара-жаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 4-майындагы № 40 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2021-жылдын 24-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон