81-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:
1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коёт;
4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Элдик Курултай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;
6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке жыл сайын отчёт берет. Жогорку Кеңештин Төрагасы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы № 514-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шакиев Нурланбек Тургунбековичти Кыргыз…Постановление · 05.10.2022 · № 514-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 5-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тургунбек уулу Нурланбекти Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.12.2025 · № 5-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 8-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2025 · № 8-VIII
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 4-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 29.12.2021 · № 4-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 12-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2022 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 5 апрелиндеги №243 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбооруна…Постановление · 05.04.2006 · № 243 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 21.07.2011 · № 115 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>