Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» закону
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 6-апрели № 48 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 91-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жазык ишине тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден документтердин түп нускаларын алууга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан архивдик документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
276-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "276-берене. Архив мыйзамдарынын талаптарын бузуу
1. Иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Архивдик документтерди түзүү, эсепке алуу, сакталышын же адамдардын аларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Архивдик документтерди жоготуу, бузуу же мыйзамсыз жок кылуу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги N 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-январындагы № 4337-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2021 · № 4337-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4251-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.12.2020 · № 4251-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4435-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2021 · № 4435-VI
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы № 4260-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 16.12.2020 · № 4260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4368-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 03.02.2021 · № 4368-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 3-мартындагы № 4439-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине…Постановление · 03.03.2021 · № 4439-VI
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон