2-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) биринчи абзацы "багууга коюлуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү киргизүү маселелерин камтуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацында "Атайын муктаждыгы бар балдар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бардык окуучулар үчүн мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.";
2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыктары бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;";
5) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 3-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112197/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>