Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин биринчи бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жекече окуу планы - конкреттүү окуп жаткандын өзгөчөлүктөрүн жана билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы; Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн эске алуу менен бардык окуп жаткандар үчүн билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи абзац менен толукталсын:
"Билим берүү процессиндеги коштоо - билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуп жаткандын инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды түзүү;";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы элүү биринчи абзац менен толукталсын:
"Окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формасын жөнгө салуучу документ;";
2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- инклюзивдик билим берүүнү киргизүү;";
3) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар атайын билим берүү, инклюзивдик билим берүү же үйдө билим берүү формаларында билим алууга укуктуу.";
4) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жогорку окуу жайлары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттер үчүн окуу куралдарына аларды электрондук форматта, аудио алып жүрүүчүлөрдө же Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин берүү жолу менен жеткиликтүүлүктү түзүүгө милдеттүү.";
5) 33-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Дене-бойлук же акыл-эстик өнүгүүсүндө бузулуулар бар балдарды билим берүү процессинде коштоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Билим берүү уюму окуп жаткандын билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, окуу процессин билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жекече окуу планынын негизинде уюштурууга укуктуу.";
6) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүүнү каржылоо бюджеттин же башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Жекече билим берүү уюмдары мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте инклюзивдик билим берүүнү ишке ашырууга каржылоо ала алышат.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112197/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>