1-берене
Күчүндө · 23.03.2021 редакциясы
"Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик дотация жайылтылуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жыл сайын аныкталуучу айыл чарба өсүмдүктөрү.";
2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дотациялык тастыкталган үрөндөрдүн көлөмдөрүн аныктайт. Мамлекеттик дотациянын көлөмүн аныктоо, мамлекеттик дотация берүү механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, дотациялык үрөндөргө коюлуучу бааны бекитүү, мамлекеттик дотациянын квоталарын белгилөө жана каражаттарын төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык белгиленет.";
3) 7-беренеде:
а) 4-бөлүгү "монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген методикага ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызмат адамдары, үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.";
б) 2-бөлүгү "дотациялык үрөндөрдү алуучунун талабы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "соттун чечиминин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 23.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112196/st-1" title="1-берене - Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>