41-берене. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасы
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 7-глава
1. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасында төмөнкүлөр камтылат:
1) суу биоресурстарын эсепке алуу жана аларга социалдык-экономикалык баа берүү;
2) суу көлмөлөрдү пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен илимий жумуштарды жана балык чарбалык суу көлмөлөрдүн ихтиофаунасын ихтиологиялык изилдөөлөрдү финансылоо;
3) балык чарбалык суу көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалангандык үчүн акы төлөө;
4) суу пайдалануучулардын жана суу биоресурстарын пайдалануучулардын пландарын өз ара макулдашуунун милдеттүүлүгү;
5) балык запастарын коргоо жана өндүрүп чыгаруу боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо;
6) чарбакер субъекттер суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирген зыянды алар тарабынан компенсациялоо.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-41" title="41-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>