40-берене. Балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын чыгымдарынын ордун толтуруу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 6-глава
1. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жактар төмөнкүлөргө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга тийиш:
1) балык чарбалык көлмөлөрдү жана/же алардын участокторун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алып коюуга же убактылуу ээлеп алууга;
2) балык чарба субъекттеринин көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдаланууга карата укуктарын чектөөгө;
3) пайдалануу үчүн берилген балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун сапаты башка уюмдардын жана жарандардын ишинин натыйжасында начарлап кетүүсүнө.
2. Суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү жок кылуунун же алардын абалын начарлатуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду күнөөлүү жактардын каражаттарынын эсебинен толтурулууга тийиш.
3. Зыяндын ордун толтуруу зыянды эсептеп чыгаруунун таксаларына жана методикаларына ылайык, же болбосо алынбай калган пайданы эсепке алуу менен, зыянды компенсациялоого иш жүзүндө кеткен сарптоолорго жараша жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз деп таанылган учурда зыяндын орду алынбай калган пайданы эсепке алуу менен ушул органдар тарабынан толтурулат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-40" title="40-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>