32-берене. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Аквакультура чөйрөсүндө балыктардын жана башка суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1) алардын жаңы байырлаган жерлерде контролдонбой жайылып кетүү учурларына жол берилбегенде;
2) алардын балыктардын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына терс таасир кылуусу жокко чыгарылганда.
2. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыктардын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздемеге ылайык жана балык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча жол берилет.
3. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздеме суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөлөргө адистешкен илимий мекемелер тарабынан иштелип чыгат.
4. Илимий-биологиялык негиздемеде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн максаты жана максатка ылайыктуулугу;
2) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн шарттары;
3) суу биоресурстарынын ушул түрүнүн жаңы жерлерде контролдонбой жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралар;
4) суу биоресурстарынын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына жаңы түрдүн терс таасир кылуусун жокко чыгаруу боюнча чаралар.
5. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суу биоресурстарын аквакультуранын ачык жана/же жабык шарттарында көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө мониторинг жүргүзөт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-32" title="32-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>