31-берене. Балык чарбалык түзүлүш
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Балык чарбалык түзүлүштү жүзөгө ашыруу балык чарбасын жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Ички чарбалык түзүлүмдүн материалдары боюнча иштелип чыккан балык чарбасын жүргүзүү планы балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылып, балык чарба субъекти тарабынан ишке ашырылат.
3. Балык чарбасын жүргүзүү планында төмөнкүлөр камтылат:
1) көлмөлөрдүн ихтиофаунасынын жана анын жашоо чөйрөсүнүн абалына баа берүүнү камсыз кылуу;
2) балык чарбалык көлмөлөрдөн балык алуунун оптималдуу-жол берилүүчү көлөмдөрүн аныктоо;
3) көлмөлөрдө учурдук мелиорациялоону жүргүзүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
4) суу биоресурстарын күзөттөөнү жана өндүрүп чыгарууну камсыз кылуучу иш-чараларды иштеп чыгуу;
5) балык чарбасынын ишинин эң натыйжалуу багытын (товардык балык өстүрүү, балыктарды көбөйтүү, балык уулоо) аныктоо.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-31" title="31-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>