1-берене
Күчүндө · 15.01.2021 редакциясы
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьянын бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларынын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен каралган негиздер боюнча жана тартипте чектелиши мүмкүн.";
2) 10-статьянын он үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мында бир жолку жөлөкпул төлөө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган контракт ар бир толук үч жылга узартылган учурда жүргүзүлөт.";
3) 12-статьяда:
а) онунчу бөлүгү "кызмат өтөгөн жери боюнча" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
б) он үчүнчү бөлүгү "офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Башка маанилүү жагдайлар - пенсияга укук берген кызмат өтөгөн мөөнөтү боюнча запаска бошотуу, судьянын кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же болбосо мамлекеттик органдарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар.";
4) 14-статьянын экинчи бөлүгү "мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 15.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112169/st-1" title="1-берене - Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>