9-берене. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартиби
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
1. Ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өтүүнүн натыйжасында декларанттын салыктык милдеттенмелер, бажы төлөмдөрү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, ошондой эле төмөнкүлөрдөн келип чыккан бул милдеттер боюнча айыппулдар, пайыздар жана туумдар боюнча милдеттенмелери аткарылды деп таанылат:
1) алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекти сатып алынган ыктыярдуу декларациялоо мезгилинин ичинде кирешелерди алуудан;
2) декларант тарабынан декларацияда көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин эсебине өткөрүп берүү (кайра жол-жоболоштуруу), жайгаштыруу боюнча ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде жасалган операцияларга карата.
Бул милдеттенмелерге карата декларация күбөлөндүрүлгөн датадан тартып ыктыярдуу декларациялоо жол-жоболору аяктаган датага чейинки мезгилде жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери демилгеленбейт, бузуулар жана башка териштирүүлөр жөнүндө иштердин өндүрүшү ачылбайт.
2. Ушул берене ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датадан мурда отчет берген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кошумча кошуп эсептелген, бирок алар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган бюджетке милдеттүү төлөмдөргө карата колдонулбайт.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112156/st-9" title="9-берене - Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>