10-берене. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосун аяктоо
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
Декларант же анын өкүлү ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган учурдан тартып ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосу аткарылды деп эсептелет жана ыктыярдуу декларация жүзөгө ашырылган жылдын жыйынтыктары боюнча декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркынын суммасын декларанттын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүү менен аяктайт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган декларант ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант катары таанылат.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112156/st-10" title="10-берене - Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>