6-берене. Декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркын баалоо тартиби
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
1. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин маалыматтарына ылайык же декларант тарабынан жол-жоболоштурулган бул мүлккө укуктарды сатып алуу боюнча келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган мүлктү сатып алууга иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) нарк боюнча декларант тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эгерде мүлктү сатып алууга карата жана/же мүлктүн наркы сатып алынган датага карата же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датага карата каражаттардын келип чыгуу булактары документ түрүндө ырасталбаган учурда, декларант декларацияны толтуруу датасына карата өз алдынча баалоону жүзөгө ашырат.
2. Чет элдик валютада декларациялануучу акча каражаттарын баалоо декларация толтурулган датага карата КРУБдун курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.
3. Декларацияда акциялардын, уставдык капиталдагы үлүштүн, пайдын наркы акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган эсептик нарк боюнча көрсөтүлөт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, баалуу кагаздардын наркы декларацияда рыноктук нарк боюнча көрсөтүлөт.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112156/st-6" title="6-берене - Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>