5-берене. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
1. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер төмөнкүлөрдөн турат:
1) аны даярдоого кеткен чыгымдардын наркынан ашпоого тийиш болгон декларациянын бланкынын наркына акы төлөөдөн;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик алымдан;
3) эгерде ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда, сумманын ашышына карабастан декларанттын тандоосу боюнча:
- декларациялоо объектисинин наркынан 1% өлчөмүндөгү акча каражаттарын киргизүү же;
- 7 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн декларанттын кирешесинин ар жылдык 5% декларациялоо объектинин наркынан 10% өлчөмүндө акча каражаттарын киргизүү.
2. Декларант тарабынан такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берилген учурда, төмөнкүлөр төлөнүүгө жатат:
- декларациянын бланкынын наркы;
- нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттик алым;
- ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн декларантты тандоо боюнча акча каражаттары, эгерде ушул акча каражаттары баштапкы декларацияны күбөлөндүрүүдө төлөөгө жатпаган, ал эми такталган декларацияда декларациялануучу мүлктүн наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда.
3. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер төлөмдү аткаруу датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөнөт.
4. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бирдиктүү казыналык эсебине жүргүзүлөт.
5. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөнгөн каражаттарды кайтаруу жүргүзүлбөйт.
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 "Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2021 · № 158 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112156/st-5" title="5-берене - Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>