60-берене. Прокурордун анты
Күчүн жоготкон · 10.09.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114.
1. Прокуратура органдарында кызмат ордуна биринчи жолу дайындалып жаткан адамдар Башкы прокурор белгилеген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) антын берет.
Прокурордун (тергөөчүнүн) анты "Мен, ________________________________________________________________________________, (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы) өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдеттерин алуу менен, өзүмдү мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларын сактоого, алардан бир аз да четтөөгө жол бербөөгө;
- ким жасагандыгына карабастан бардык мыйзам бузууларга каршы аёосуз күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн жогорку натыйжасына жетүүгө;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын активдүү коргоого;
- жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана кылдат мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө объективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;
- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сырды бекем сактоого;
- өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга, кыргыз прокуратурасынын мыкты салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу ант берем.
Антты бузуу прокуратура органдарында андан ары иштөө менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.".
2. Прокуратура органынын ант берген кызматкери тексттин алдына кол коёт жана ант берген күндүн датасын жазат. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112108/st-60" title="60-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>