Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Биоэтанолго жана анын колдонуу циклинин процесстеринин коопсуздугуна жалпы талаптар
Күчүндө · 22.07.2020 редакциясы
1. Биоэтанол өндүрүүчүлөр сатып алуучуларга жана керектөөчүлөргө биоэтанолдун коопсуздугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө толук жана анык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
2. Биоэтанолду сактоо санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген атайын багыттагы кампа жайларда жүзөгө ашырылат.
3. Компаундаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Биоэтанолду кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган талаптарга жана техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык, атайын жабдылган жана ташууга жол берилген транспорт аркылуу ташууга жол берилет.
5. Биоэтанол ташууда биоэтанолдун коопсуздугу, сапаты жана бузулбай сакталышы камсыз кылынууга тийиш.
6. Лабораториялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп таанылган биоэтанол аны андан ары пайдалануу же жок кылуу (утилдештирүү) жүйөсүнө экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 22.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын…Приказ · 08.05.2024 · № 2
- Мунайзаттар менен биоэтанолду аралаштыруунун тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү…Положение · 08.05.2024 · № 2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112104/st-5" title="5-берене - Биоэтанол жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>