4-берене. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелердин өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 22.07.2020 редакциясы
1. Биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш менчиктин бардык формаларынын субъектилери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Биоэтанол өндүрүүнүн ар кандай технологияларын пайдалануучу чарбакер субъекттер биоэтанолду жүгүртүүгө чыгаруу боюнча бирдей укуктарга ээ.
3. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
4. Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Биоэтанол өндүрүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүш паспорту жана биоэтанол өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга биоэтанол өндүрүүнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылган эсепке алууну контролдоочу приборлору болгондо;
2) биоэтанол өндүрүүчүгө менчик укугунда таандык болгон биоэтанол өндүрүү боюнча заводдо.
6. Биоэтанол ташууда ал жеткирилүүчү бүтүндөй жолго коштомо кагазы болгондо жол берилет.
7. Биоэтанол өндүрүүдө жана жүгүртүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) биоэтанол өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квотадан ашкан көлөмдө биоэтанолду андан ары кайра иштетүү үчүн тамак-аш чийки затын пайдаланууга;
2) тамак-аш чийки заты катары 1 жана 2-класстардагы буудайды пайдаланууга;
3) биоэтанол өндүрүү боюнча заводго же мунайзатты кайра иштетүүчү заводго мунай заттары менен компаундаштыруу үчүн аны жеткирип берүү учурларын кошпогондо, биоэтанол жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга;
4) алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга;
5) генетикалык модификацияланган булак (объект) болуп саналган же генетикалык модификацияланган булакты (объекти) камтыган чийки затты кайра иштетүүгө кабыл алууга;
6) биоэтанол өндүрүү боюнча ошол бир эле заводдо эки же андан көп биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн биоэтанол өндүрүүнү жүзөгө ашыруусуна;
7) биоэтанол өндүрүүнү өндүрүш паспортусуз, биоэтанол өндүрүүнүн көлөмүн эсепке алууну контролдоочу приборлорсуз же болбосо алар бузулган убакта жүзөгө ашырууга;
8) аны экспорттоону кошпогондо, биоэтанол өндүрүүнү жана (же) мунайзаттар менен биоэтанолду компаундаштырууну жүзөгө ашырбаган жактарга биоэтанол сатууга;
9) коштомо кагазы жана сапаты тууралуу документисиз биоэтанол сатууга.
8. Биоэтанол өндүрбөгөн жана (же) мунайзаттар менен биоэтанолду компаундаштырууну жүзөгө ашырбаган жактарга биоэтанолду сактоого тыюу салынат.
Берененин тексти 22.07.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын…Приказ · 14.05.2024 · № 3
- Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана…Порядок · 14.05.2024 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112104/st-4" title="4-берене - Биоэтанол жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>