3-берене
Күчүндө · 17.08.2020 редакциясы
1. "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде калктуу конуштар, рекреация объекттери, өнөр жай объекттери, коомдук тамактануу объекттери милдеттүү тартипте сууларды агызып чыгаруу (канализация) жана (же) агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмалар менен камсыз кылынат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбалыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерди долбоорлоого, "урууга уруксаттык документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуш экспертизаларынын корутундуларын берүүгө, эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.
3. 2024-жылдын 1-январынан тартып "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбалыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерин иштетүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 17.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112098/st-3" title="3-берене - Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>