2-берене
Күчүндө · 17.08.2020 редакциясы
1. Агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмаларды куруу, аларды оңдоо жана калыбына келтирүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынын эсебинен каржыланат.
2. Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары анын Байкоочу кеңеши тарабынан аныкталган тартипте, артыкчылыктуу тартипте төмөнкү иш-чараларга сарпталат:
1) тазалоочу курулмаларды комплекстүү куруу боюнча шаар куруу документтерин, техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) долбоорлорун даярдоого;
2) агып чыкма сууларды тазалоо чөйрөсүндө заманбап технологияларды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыларды, техникалык ченемдерди (стандарттарды) иштеп чыгууга;
3) агып чыкма сууларды тазалоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди курууга.
3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары эл аралык каржы уюмдарынын, донор-өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарын тартууну караштырган фонддорду жана долбоорлорду биргелешип каржылоого багытталышы мүмкүн.
Берененин тексти 17.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112098/st-2" title="2-берене - Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>