8-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу, кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү документ болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алынган санариптик форматтагы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр колдонулат.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Мурда идентификациялык жеке номерлери болбогон адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу жазууларды жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кошпогондо, жарандык абалдын актыларын жазуулардын бардык түрлөрүндө жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдө идентификациялык жеке номерлер көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 токтому…Инструкция · 20.10.2025 · № 686
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-марты № 161 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.03.2025 · № 161
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 16.07.2012 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-сентябры № 583 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 “Жарандык абалдын…Постановление · 15.09.2025 · № 583
- КР Министрлер Кабинетинин 27.03.25-ж №161 токтомуПостановление · 27.03.2025 · № 161
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112094/st-8" title="8-берене - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>