1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2211-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) алтын камтыган кенге жана алтын камтыган концентратка:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы
1300 гө чейин
1301 ден 1400 гө чейин
1401 ден 1500 гө чейин
1501 ден 1600 гө чейин
1601 ден 1700 гө чейин
1701 ден 1800 гө чейин
1801 ден 1900 гө чейин
1901 ден 2000 ге чейин
2001 ден 2100 гө чейин
2101 ден 2200 гө чейин
2201 ден 2300 гө чейин
2301 ден 2400 гө чейин
2401 ден 2500 гө чейин
2501 ден жана андан жогору
2023-жылга чейин киреше салыгынын ставкасы, %да
8
10
12
14
16
18
20
21
22
23
24
25
26
27
2023-жылдан тартып киреше салыгынын ставкасы, %да
11
13
15
17
19
21
23
24
25
26
27
28
29
30
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы
1300 чейин
1301 ден 1400 гө чейин
1401 ден 1500 гө чейин
1501 ден 1600 гө чейин
1601 ден 1700 гө чейин
1701 ден 1800 гө чейин
1801 ден 1900 гө чейин
1901 ден 2000 ге чейин
2001 ден 2100 гө чейин
2101 ден 2200 гө чейин
2201 ден 2300 гө чейин
2301 ден 2400 гө чейин
2401 ден 2500 гө чейин
2501 ден жана андан жогору
Киреше салыгынын ставкасы, %да
1
3
5
7
9
11
13
14
15
16
17
18
19
20
";
2) 309-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) КНС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:
- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды же;
- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган, салык мезгилинде сатылган химиялык таза металлдын наркы. Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу химиялык таза металлдын наркы биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет. Биржалык металлдын наркы салык мезгилинин ичинде металлдардын Лондон биржасында баалардын котировкалары жарыяланган күндөрдөгү металлдарга баалардын күн сайынкы орточо котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
3. Ушул главада биржалык металл деп наркы металлдардын Лондон биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.";
3) 310-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн - 5 пайыз;
2) алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;
3) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз;
4) гипске - 6 пайыз;
5) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;
6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112082/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>